Башкы беткеДүйнөMeta компаниясы 8000 миңдей кызматкерлерин кыскартты

Meta компаниясы 8000 миңдей кызматкерлерин кыскартты

Meta компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг кызматкерлердин 10 пайызын, башкача айтканда болжол менен 8 миң адамды кыскартты. Маалыматка ылайык, дагы 7 миңдей кызматкер жасалма интеллект багытындагы жаңы долбоорлорго которулат.

Кызматкерлерге жумуштан бошотуу тууралуу эскертүүлөр эртең менен жөнөтүлгөн. Компания жетекчилиги массалык кыскартуу күнү кызматкерлерден үйдөн иштөөнү суранган.

Ошого карабастан кеңсеге келген айрым кызматкерлер дубалдарга компаниянын жаңы стратегиясына каршы баракчалар илингенин билдиришкен. Алардын арасында кызматкерлердин экрандарын жасалма интеллектти окутуу үчүн көзөмөлдөө практикасына каршы чакырыктар да болгон. Маалыматтарга караганда, кыскартуулар негизинен инженердик жана продукт иштеп чыгуу командаларына таасирин тийгизген.

Компания жумуштан бошотулган кызматкерлерге кеминде 16 жума базалык айлык өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн, ошондой эле медициналык камсыздоо жана карьералык колдоо көрсөтүлөрүн билдирген.

Бул өзгөрүүлөр Марк Цукербергдин жасалма интеллект инфраструктурасына ири көлөмдө инвестиция салуусунан кийин ишке ашууда. Маалыматтар боюнча, аталган инвестициялардын көлөмү 100 миллиард доллардан ашкан.

Марк Цукерберг компания ичинде жарыялаган билдирүүсүндө быйыл мындан башка ири кыскартуулар күтүлбөй турганын айтып, кызматкерлер менен байланыш механизмдерин жакшыртуу зарылдыгын белгилеген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар