Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев балдар интернаттарына, ошондой эле улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар жашаган стационардык мекемелерге мамлекеттик органдардын туруктуу кураторлугу жана шефтик колдоосу тууралуу тескемеге кол койду.
Документ калктын эң аярлуу катмарларын социалдык жактан колдоону күчөтүүгө багытталган.
Жаңы тартипке ылайык, мамлекеттик органдар тиешелүү мекемелерге үзгүлтүксүз жардам көрсөтүп турушат. Бул бир жолку акциялар эмес, мекемелердин муктаждыктарын аныктоо, жашоо шарттарын жакшыртууга көмөктөшүү жана социалдык кызмат алуучуларды колдоо боюнча туруктуу иш алып барууну камтыйт.
Шефтик колдоого балдар интернаттары жана социалдык стационардык мекемелер алынат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, мындай мекемелердин катарына улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн интернат үйлөрү, психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелер, балдар психоневрологиялык борборлору жана реабилитациялык борборлор кирет.
Буга чейин, 2026-жылдын март айында Министрлер кабинети балдар интернаттарын, ошондой эле майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар үчүн мекемелерди аккредитациялоо тартибин бекиткен. Бул талаптар мамлекеттик жана жеке менчик социалдык кызмат көрсөтүүчү уюмдарга тең тиешелүү.
Ошондой эле апрель айынын соңунда мамлекеттик социалдык стационардык мекемелердеги жашоо шарттарына карата минималдуу социалдык стандарттар бекитилген. Аталган талаптар мекемелерде туруктуу жашаган жарандар үчүн негизги шарттарды камсыз кылууга багытталган.



