20-майда Кореянын Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков KOICAнин вице-президенти Хонг Сок Хва менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен KOICA ортосундагы учурдагы кызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
Атап айтканда, санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана мамлекеттик автопарктарды электромобилдерге өткөрүү боюнча демилгелерге көңүл бурулду.
KOICAнын вице-президенти Кыргызстан агенттиктин 2026–2031-жылдар аралыгындагы артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргизилгенин белгиледи.
Анын айтымында, бул чечим эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана жаңы программаларды ишке ашырууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.



