Өкмөт жарандар күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын жогорулашын анча сезбеши үчүн атайын механизм даярдоодо. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди.
Министр күйүүчү май рыногундагы азыркы абалга токтолуп, Ирандын айланасындагы кырдаал дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнө таасирин тийгизгенин айтты. Анын сөзүнө караганда, күйүүчү май менен минералдык жер семирткичтердин кымбатташы экономиканын башка тармактарына да өз таасирин берүүдө.
“Эгер күйүүчү майдын баасы дагы өссө, анда курулуш, кайра иштетүү жана логистика тармактарында да кызматтар менен товарлардын наркы жогорулайт. Бул, албетте, терс көрүнүш. Өкмөт акыркы эки айдан бери абалды тыкыр көзөмөлдөп келет. Бүгүн жана өткөн жумада бул маселе боюнча бир катар жыйындар өткөрүлдү. Жакынкы убакта жарандар баалардын өсүшүн азыраак сезгидей механизмди ишке киргизебиз. Учурда баалар объективдүү себептерден улам өсүп жатат”, — деди Акунбеков.
Ошондой эле Акунбеков өкмөт Ирандагы кырдаалдын курчушунан үч ай мурда тиешелүү чараларды көргөнүн жана Кыргызстанда күйүүчү майдын эки айдан ашык мөөнөткө жетчү кору бар экенин кошумчалады.



