Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев иш сапары менен Ашхабадга барды

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Ашхабадга барды

Бүгүн, 21-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Түркмөнстанга барды. 

Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Анда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат. 

Мындан тышкары, сапардын алкагында мамлекет жетекчилиги менен жолугушуу күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар