21-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту.
Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев Кыргызстан Азербайжан менен бардык багыттар боюнча өнөктөштүктү тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп, парламенттик дипломатиянын маанисине токтолду. Ошондой эле ал азербайжандык спортчуларды 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Өз кезегинде Сагиба Гафарова кыргыз-азербайжан мамилелери жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилеп, соода-экономикалык жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.



