Башкы беткеКоомКыргызстанда трансплантология боюнча улуттук реестр түзүлөт

Кыргызстанда трансплантология боюнча улуттук реестр түзүлөт

Бишкекте өткөн донордук жана органдарды трансплантациялоо боюнча эл аралык симпозиумда Борбор Азия менен түрк дүйнөсүнүн медициналык кызматташтыгын күчөтүү маселеси талкууланды.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кыргызстанда трансплантологияны өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирип, учурда бейтаптардын улуттук реестри түзүлүп жатканын айтты. Анын айтымында, өлкөдө буга чейин 105 трансплантация операциясы жасалса, миңден ашуун жаран мындай операцияларды чет өлкөдөн өткөргөн.

Ал эми түрк трансплантологу, профессор Мехмет Хаберал Борбор Азия өлкөлөрүн медицина тармагында биргелешип иштөөгө чакырып, аймакта трансплантациялык программаларды өнүктүрүүгө жетиштүү мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Симпозиумдун жыйынтыгында аймактагы медициналык борборлордун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатканы айтылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар