Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин илим жана техника тармагындагы 10-жыйыны өтүп жатат. Жолугушуу илим, технология жана инновация жаатындагы кызматташууну тереңдетүүгө багытталган.
Иш-чаранын алкагында катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү илимий-техникалык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин талкуулап, тажрыйба алмашууда. Ошондой эле келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана илимий потенциалды өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелер каралууда.
Жыйынга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын делегациялары, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү катышууда.
Илим жана инновация багытындагы бул кеңешме ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, илимий-техникалык байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрү белгиленди.



