Башкы бетке∅Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы коргоо системасы жаңыртылды

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы коргоо системасы жаңыртылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо системасын өркүндөтүүгө багытталган жаңы токтом кабыл алды. Бул тууралуу расмий билдирүүдө маалымдалды.

Документке ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш алып барган мамлекеттик органдардын ортосундагы ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү жана алардын ишин координациялоо тартиби бекитилди. Ошондой эле жабыр тарткан жарандарга «бирдиктүү терезе» принциби аркылуу ыкчам жана комплекстүү жардам көрсөтүү механизми ишке киргизилди.

Жаңы система боюнча, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жабырлануучуларды коргоо боюнча бардык иштерди координациялоо облустардагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жүктөлдү.

Бул чечимдин максаты — мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнү ыкчамдаштыруу жана коргоо механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу экени белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар