Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Түркмөнстан стратегиялык кызматташтыкты күчөтүүдө

Кыргызстан менен Түркмөнстан стратегиялык кызматташтыкты күчөтүүдө

Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу расмий маалыматта айтылды.

Жолугушуу КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өтүп, анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди.

Эки тарап соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Тараптар кыргыз-түркмөн өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар