Башкы беткеМаданият«Ала-Тоо» адабий журналынын бет ачары болуп өттү

«Ала-Тоо» адабий журналынын бет ачары болуп өттү

Бүгүн, 22-май күнү Бишкек шаарында көп жылдык тыныгуудан кийин кайрадан жарык көрүп жаткан «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын бет ачар аземи өттү. Салтанаттуу иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада уюштурулуп, ага Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, мамлекеттик ишмерлер, акын-жазуучулар, илим жана маданият өкүлдөрү катышты.

1931-жылы негизделген «Ала-Тоо» журналы улуттук адабияттын өнүгүшүнө чоң салым кошкон басылмалардын бири болуп саналат. Анын беттеринде кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармалары жарыяланып келген.

Жаңыланган сандын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — Чыңгыз Айтматовдун буга чейин жарык көрбөгөн «Өлтүрүлгөн уул менен жолугушуу» аттуу чыгармасынын жарыяланышы болду. Ошондой эле журналга белгилүү калемгерлердин чыгармалары, дүйнөлүк классикалык адабияттын үлгүлөрү жана заманбап авторлордун эмгектери киргизилген.

«Ала-Тоо» журналынын кайрадан жарык көрүшү Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашты.

Кыргыз Туусунүн курамындагы басылманын жаңыланган редакциясын Кыргыз Республикасынын Эл акыны Маркабай Ааматов жетектейт.

Иш-чаранын жүрүшүндө журналдын алгачкы нускалары тааныштырылып, адабияттын бүгүнкү абалы жана улуттук маданиятты өнүктүрүүдөгү басылманын орду тууралуу олуттуу ой-пикирлер айтылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар