Башкы беткеСаясатЭдил Байсалов Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды

Эдил Байсалов Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды

Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси катары Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды.

Бул тууралуу Кыргызстандын АКШ жана Канададагы дипломатиялык өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, расмий азем 21-май күнү Ак үйдө өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана каалоо-тилектерин жеткирип, Кыргызстан кыргыз-америкалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта АКШ тарабынан көрсөтүлүп келе жаткан колдоону жогору бааларын айтып, Вашингтондун Борбор Азия менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Дональд Трамп жаңы элчини куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы саясий жана экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

АКШ президенти элдер ортосундагы достук мамиленин маанилүүлүгүн белгилеп, Эдил Байсаловдун дипломатиялык миссиясы Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгын чыңдоого салым кошоруна ишеним артты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар