Синоптиктердин алдын ала маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жакынкы күндөрү туруксуз аба ырайы сакталат. Айрым күндөрү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлүүдө.
25-майда күн бүркөк болуп, түнкүсүн абанын температурасы +10 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз аба +25 градуска чейин жылыйт.
26-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы +12 градус болот. Ал эми күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы +29 градуска чейин жетет.
27-майда түнкүсүн ала булуттуу аба ырайы күтүлүп, +14 градус болот. Күндүз күн күркүрөп, жаан жаашы мүмкүн. Синоптиктердин маалыматына караганда, күндүз аба +30 градуска чейин ысыйт.



