Башкы беткеКоомАзия кубогу - 2027: Кыргызстан курама командасы олуттуу даярданууда

Азия кубогу – 2027: Кыргызстан курама командасы олуттуу даярданууда

Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки алдыдагы беттештерге жана Азия кубогу – 2027 турнириндеги атаандаштарга карата даярдык иштери тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, машыктыруучулар штабы тайпадагы бардык атаандаштарды дыкат талдап жатат. Өзгөчө Сирия, Иран жана Кытай курама командаларынын оюн стилине жана курамына көңүл бурулуп жатат.

«Биз тайпадагы бардык улуттук курама командаларды анализдеп жатабыз. Сентябрь айында эки маанилүү беттеш күтүп турат. Ошондуктан ар бир атаандашты кылдат изилдеп, даярдык көрүүдөбүз», — деди Просинечки.

Башкы машыктыруучу Сирия курамасы күчтүү атаандаш экенин да белгиледи. Анын сөзүнө караганда, кыргызстандык штаб Сириянын Бахрейн жана Түркия курама командалары менен боло турган жолдоштук беттештеринен кийин кошумча маалыматтарды чогултууну пландап жатат.

Кыргызстандын курама командасы Азия кубогу-2027 турниринде ийгиликтүү оюн

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар