Аскат Алагөзов президенттин коомдук кеңешчиси жана коомдук жардамчысы деген кызматтарда учурда Кыргызстандын жарандарынан эч ким жок экенин билдирди.
Анын айтымында, акыркы учурда айрым адамдарды “Президенттин коомдук кеңешчиси” же “Президенттин коомдук жардамчысы” деп атап жүргөн учурларга байланыштуу түшүндүрмө берилди.
Садыр Жапаров 2024-жылдын сентябрь айында президенттик администрацияны реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу алкагында коомдук башталыштагы бардык кеңешчилер менен жардамчыларды кызматтан бошоткон.
Маалыматка ылайык, ошол учурда коомдук башталыштагы 7 жардамчы жана 19 кеңешчи кызматтан алынган.
Учурда президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси катары Чанпэн Чжао гана иш алып барат. Ал санариптик активдер жана блокчейн технологиялары боюнча кеңешчи болуп саналат.



