Ош шаарында жаңы 3 тараптуу айланма жол курулуп бүттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, калаада жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштер ырааттуу уланууда. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Г.Айтиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан айланма жолдун иши менен жеринде таанышты.
Долбоорго ылайык, А. Навои көчөсү тарабынан 6 тилкелүү жол каралып, Г. Айтиев көчөсү Б. Осмонов көчөсү тарапка кеңейтилип, 6 тилкелүү форматка өткөрүлүүдө.
Мындан тышкары, жаңы альтернативалык багыт катары Көчкөнов көчөсү ачылып, ал аркылуу жаңы базарга түз кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Шаар башчысы курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча тапшырма берди.



