Башкы беткеЭкономикаКыргызстандын көмүрүн эң көп Өзбекстан сатып алууда

Кыргызстандын көмүрүн эң көп Өзбекстан сатып алууда

Кыргызстан 2026-жылдын январь–март айларында импорттук таш көмүрдү сатып алууну 81,4 пайызга кыскартты. Ошол эле учурда күрөң көмүрдүн (лигнит) экспорту 67,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, үч ай ичинде Кыргызстан чет өлкөгө 294 миң тоннадан ашык таш көмүр экспорттоп, андан 1 млрд 241 млн сом киреше тапкан. Экспорт көлөмү бир аз азайганы менен киреше 4,7 пайызга көбөйгөн.

Кыргыз көмүрүнүн негизги сатып алуучусу Өзбекстан бойдон калууда. Бул өлкөгө 277 миң тоннадан ашык көмүр жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, күрөң көмүрдүн экспорту да өсүп, 166 миң тоннадан ашкан. Анын жалпы баасы 799 млн сомду түзгөн. Негизги сатып алуучулар катары Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай көрсөтүлгөн.

Ал эми таш көмүрдүн импорту кескин азайып, 28,9 миң тоннаны түздү. Кыргызстан дээрлик бардык көмүрдү Казакстандан сатып алган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар