Башкы беткеМинистрлер кабинетиРуслан Сүйналиев: "Мамлекеттик банктардын көбөйүшү — оң тенденция"

Руслан Сүйналиев: “Мамлекеттик банктардын көбөйүшү — оң тенденция”

Руслан Сүйналиев Кыргызстанда мамлекеттик банктардын санынын өсүшүн оң көрүнүш катары бааларын билдирди. Ал бул тууралуу журналисттер менен болгон маегинде айтты.

Министрдин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө алты мамлекеттик банк иш алып барууда. Мамлекет алардын насыялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн капиталдаштыруу аркылуу колдоону улантып жатат. Руслан Сүйналиев мамлекеттик банктар жарандарга, айрыкча дыйкандар менен фермерлерге жардам берүүдө маанилүү роль аткарып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө айыл чарба тармагын колдоого багытталган көптөгөн мамлекеттик программалар иштеп жатат. Ошондой эле жарандарга пайызсыз насыялар дагы берилген. Министр Финансы министрлиги мамлекеттик банктарды калктын кызыкчылыгы үчүн иштөөсү максатында мындан ары дагы колдой турганын кошумчалады.

Мындан тышкары, ал өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү өсүп жатканын белгилеп, Кыргызстандын ички дүң өнүмү 2 триллион сомго жакындаганын айтты. Ошондой эле мамлекеттик бюджет тарыхый чекке жетип, 1 триллион 104 миллиард сомду түзгөнү белгиленди.

Руслан Сүйналиевдин айтымында, эл аралык каржы институттары Кыргызстанга оң рейтингдерди берүүдө. Ушундан улам ал өлкө үчүн алты мамлекеттик банктын болушу ашыкча эмес деп эсептей турганын билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар