Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргыз балына чет өлкөлөрдө суроо-талап өсүүдө

Кыргыз балына чет өлкөлөрдө суроо-талап өсүүдө

Үстүбүздөгү жылдын январь–март айларында Кыргызстандан 152,8 тонна бал экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, экспорттун жалпы көлөмү 37,3 млн сомду же 426,6 миң АКШ долларын түздү. Бул көрсөткүч ата мекендик балдын тышкы рыноктогу суроо-талабы жогорулап жатканын жана кыргыз балчыларынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын айгинелейт.

Министрлик белгилегендей, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 78 тоннадан ашык бал көп экспорттолду. Кыргыз балы сапаты жана экологиялык тазалыгы менен эл аралык рынокто өз ордун бекемдеп, чет өлкөлүк керектөөчүлөр арасында кызыгууну арттырууда. Эң көп көлөмдөгү экспорт Өзбекстанга жөнөтүлгөн.

Министрлик бал өндүрүүчүлөрдү ар тараптуу колдоону күчөтүп, ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча системалуу иштерди мындан ары да улантыларын кошумчалады. Ошондой эле сапат стандарттарын өркүндөтүү, жаңы рынокторду өздөштүрүү жана кыргыз балчылыгынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар