Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстандык окуучулар European Mathematical Cup олимпиадасында байгелүү орундарды алышты

Кыргызстандык окуучулар European Mathematical Cup олимпиадасында байгелүү орундарды алышты

Кыргызстандык 3 мектеп окуучусу Хорватиялык жаш таланттуу математиктер ассоциациясы уюштурган эл аралык European Mathematical Cup олимпиадасында үч коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.

Төмөнкү окуучулар байгелүү орундарга ээ болушту:

1. Нурайым Мухаматнабиева – коло медаль, 10-класстын окуучусу, «Акылман» президенттик лицейи;
2. Алиярова Камила – коло медаль, 10-класстын окуучусу, «Газпром Кыргызстан» мектеби;
3. Шакиралиев Адилет – коло медаль, Купуев академиясы.

Окуучуларды мелдешке Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол жана Абдураимов Шумкарбек даярдашкан.

Кыргызстан бул олимпиадага 2022-жылдан бери катышып келет. Ушул аралыкта өлкө жалпы жонунан 3 күмүш жана 5 коло медаль уткан.

Белгилей кетсек, European Mathematical Cup олимпиадасы Junior жана Senior категориялары боюнча өткөрүлөт. Катышуучулар 4 саат ичинде алгебра, геометрия, комбинаторика жана сандар теориясы боюнча төрт тапшырманы аткарышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар