Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги АБанк жана Элдик Банк менен биргеликте жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке киргизилгенин жарыялайт.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-июнунан тартып өнөктөш банктардын кезекке коюу үчүн арыздарды кол менен кабыл алуу жана каттоо толугу менен токтотулат. Мындан ары арыздарды каттоо Министрликтин «i-Dyikan» санариптик платформасы аркылуу аралыктан жүргүзүлөт.
Жаңы санариптик сервис айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:
- онлайн каттоодон өтүү;
- жеңилдетилген каржылоого арыз берүү;
- аралыктан кезекке туруу;
- арыздын абалын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө.
Системаны ишке киргизүү агроөнөр жай комплексин колдоого бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Министрликтин маалыматына караганда, бул санариптик чечим мамлекеттик каржылоонун ачыктыгын жогорулатып, каражаттарды натыйжалуу жана даректүү пайдаланууга шарт түзөт.
«iDyikan» платформасы аграрийлер үчүн мамлекеттик кызматтарды жана финансылык инструменттерди бириктирген бирдиктүү санариптик система катары өнүктүрүлүүдө. Ошондой эле келечекте платформанын мобилдик тиркемесин ишке киргизүү пландалууда. Бул фермерлерге кызматтарды колдонууда дагы ыңгайлуу шарт түзөт.



