Садыр Жапаров «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Документ 2026-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Жаңы мыйзам 16 жашка чыга элек жарандарга жалпы жарандык паспорт берүү тартибин жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Ага ылайык, 16 жашка чейинки балдарга паспорт ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн арызынын негизинде берилет.
Кыргызстанда жашагандарга паспорт калкты каттоо органы тарабынан, ал эми чет өлкөдө жашагандарга дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер тарабынан жол-жоболоштурулат. Ч
ет өлкөдө 16 жашка чейинки балага паспорт берүүдө ата-эненин экөөнүн тең макулдугу талап кылынат. Эгер ата-эненин бири макул болбосо, паспорт соттун чечими менен гана берилет.
Ошондой эле өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же согуштук абал учурунда мөөнөтү өтүп кеткен балдардын паспортунун колдонуу мөөнөтү Министрлер кабинети тарабынан узартылышы мүмкүн.



