Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жаңы Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эми калк менен милдеттүү түрдө жылына эки жолу жолугушуу өткөрүүгө тийиш.
Маалыматка ылайык, документ Президенттин 2026-жылдын апрель айындагы Ош облусу жана Ош шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында берилген тапшырмаларды аткаруу максатында иштелип чыккан.
Тактап айтканда, жолугушуулар ар жылы февраль–март жана ноябрь–декабрь айларында уюштурулат.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



