Башкы беткеПрезидентBBC Кыргызстандын позициясын дүйнөлүк аудиторияга жайылтууга кызыкдар

BBC Кыргызстандын позициясын дүйнөлүк аудиторияга жайылтууга кызыкдар

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Би-Би-Синин (BBC) Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Ричард Колборн менен жолугушту. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөгү жеке баракчасына жазды.

Алагөзов жолугушууда медиа тармагында кызматташуу, өлкөбүздөгү масштабдуу иш-чараларды дүйнө коомчулугуна жеткирүү маселелерин талкууланганын билдирди.

“Анын ичинде алдыда күтүлүп жаткан иш-чараларды: Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө катары талапкерлигин коюусун, Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өңдүү ири иш-чараларды эл аралык аудиторияга алып чыгууну сунуштадым.

Ричард Колборн мырза Би-Би-Си Кыргызстан тууралуу маалыматтарды, анын ичинде расмий позицияларды да дүйнөлүк аудиторияга алып чыгууга кызыкдар экенине ишендирди”,  – деп жазды Алагөзов.

Белгилей кетсек, Би-Би-Си кыргыз кызматы өлкөбүздө иштеп жатканына быйыл 30 жыл толду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар