Жумгал районундагы Миң-Куш айылында “Миң-Куш айылын туруктуу туризм аркылуу өнүктүрүү — Унутулган шаарларды жандандыруу” аттуу форум болуп өттү. Иш-чара 2023–2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык программанын алкагында уюштурулду. Форум мамлекеттик органдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана туристтик уюмдардын катышуусунда өткөрүлдү.
Ага мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын, туристтик тармактын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана уран калдыктары жайгашкан аймактардын тургундары катышты. Жыйындын жүрүшүндө Миң-Кушту жаңы туристтик багыт катары өнүктүрүү, аймактын жаратылыш, тарыхый-маданий жана гастрономиялык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Динара Кемелова Миң-Куш бүгүнкү күндө тургундар жана туристтер үчүн толугу менен коопсуз экенин белгилеп, аймакта жашыл экономика, айыл чарба жана туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Форумдун алкагында уран калдыктары жайгашкан аймактардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган өзүнчө тегерек стол дагы уюштурулду.
Катышуучулар мындай аймактарды келечекте Кыргызстандын жашыл экономикасынын жана туризм тармагынын жаңы өсүү чекиттерине айландыруу зарылдыгын белгилешти.



