Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстандык өндүрүүчүлөр Ташкенттеги эл аралык кайрымдуулук фестивалына катышты

Кыргызстандык өндүрүүчүлөр Ташкенттеги эл аралык кайрымдуулук фестивалына катышты

Ташкент шаарында өткөн маданий салттардын жана улуттук тамак-аштардын XXII эл аралык кайрымдуулук фестивалына ата мекендик өндүрүшчүлөр катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кыргыз бренддеринин продукциялары, улуттук тамак-аштар жана элдик кол өнөрчүлүк буюмдары чет элдик дипломаттардын жана иш-чаранын конокторунун арасында чоң суроо-талапка ээ болду.
Министрликтин белгилөөсүндө, фестивалга катышуу Кыргызстандын экспорттук дараметин көрсөтүүгө гана эмес, гуманитардык байланыштарды чыңдоого да өбөлгө түздү. Иш-чара кайрымдуулук мүнөзүндө өттү.
Сатуудан түшкөн бардык каражаттар онкологиялык оорулардан жабыркаган жана майыптыгы бар балдарга колдоо көрсөтүүгө жана жардам берүүгө багытталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар