Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында чет элдик инвесторлор менен жолугушуу өттү.
Жолугушууда инвесторлордун Каракол эркин экономикалык аймагындагы долбоорлорго инвестиция тартуу боюнча сунуштары каралды.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунда кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы жаңы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Тараптар өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү дагы карап чыгышты.
Инвесторлор Ысык-Көл облусунун өнөр жай жана жашыл энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга ээ экенин белгилешип, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сунушталган демилгелерди биргелешип иштеп чыгууну улантуу жана кызматташууну мындан ары бекемдөө боюнча макулдашышты.



