Масуд Пезешкиан өлкөдө интернетке жеткиликтүүлүктү калыбына келтирүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу ирандык Fars жана Tasnim агенттиктери билдиришти. Маалыматты өкмөттүн маалымат маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Али Ахмадния дагы тастыктады.
Анын айтымында, өкмөт мүчөлөрү интернетти кризиске чейинки деңгээлде кайра калыбына келтирүүнү колдошкон.NetBlocks мониторинг кызматынын маалыматына ылайык, Иранда интернетке чектөө катары менен 87 күн бою уланып келген.
Өлкө бийлиги интернетке кирүүнү январь айындагы өкмөткө каршы нааразылык акциялары учурунда чектеген. Кийинчерээк АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциялары башталгандан соң дагы чектөөлөр күчөтүлгөн.
Бул аралыкта өлкө тургундары негизинен ички мамлекеттик платформаларды гана колдоно алышкан.



