Башкы беткеМинистрлер кабинетиКүйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоочуларга субсидия берилет

Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоочуларга субсидия берилет

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жаңы токтом кабыл алды.

Документке ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу менен алектенген субъекттерге мамлекеттик субсидиялар берилет.

Токтомдо Турксиб жана Сары-Агач темир жол станциялары аркылуу импорттолгон күйүүчү-майлоочу материалдардын белгиленген сатып алуу баалары бекитилди:

— Аи-92 бензини — тоннасына 860 АКШ доллары;
— Аи-95 бензини — тоннасына 940 АКШ доллары;
— дизель отуну — тоннасына 950 АКШ доллары;
— суюлтулган көмүр суутек газы — тоннасына 575 АКШ доллары.

Маалыматка ылайык, субсидиялар 2026-жылдын 25-майынан 30-сентябрына чейин берилет. Ошондой эле өлкөдө күйүүчү-майлоочу материалдардын баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилери белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргызстанга мунай жана айрым мунайзаттарды автотранспорт аркылуу ташып келүүгө мурда киргизилген убактылуу тыюу сентябрдын аягына чейин алынганы маалым болду.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар