Башкы беткеКоомЖалал-Абаддагы тоо-кен ишканалары текшерилди

Жалал-Абаддагы тоо-кен ишканалары текшерилди

Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусундагы бир катар тоо-кен ишканаларына барып, алардын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө экологиялык талаптарды сактоо, өндүрүштүк коопсуздук жана эмгекти коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Министр мыйзам талаптарын так аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле лицензиялык келишимдердин шарттарын сактоо менен өндүрүштү модернизациялоо жана ишканалардын кубаттуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында ишканалардын жетекчилерине өндүрүштүк тартипти күчөтүү, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар