27–28-май күндөрү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү күтүлүүдө.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, ашууларда кар көчкү жүрүп, айрым бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түнкү убакта жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Айдоочуларга коопсуздук максатында унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралык сактоо сунушталды.
27-майга карата:
— түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт;
— бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт;
— күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болуп, айрым жерлерде катуу жаайт.
Өзгөчө Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында нөшөрлүү жаан күтүлүүдө.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетип, айрым аймактарда 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.
Бишкек шаарында дагы күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16°, күндүз +26…+28° жылуу болот.



