Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Тажикстан соода жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Тажикстан соода жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Сулаймон Зиёзода менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу Тажикстанга болгон жумуш сапарынын алкагында өттү.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын февраль айында өткөн Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгындагы жаңы этап болгонун белгилешти. Сүйлөшүүлөрдө буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, тиешелүү мамлекеттик органдардын координациясын күчөтүү жана аткарылып жаткан иштер боюнча туруктуу отчеттуулукту камсыз кылуу маселелери каралды.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстан көп жылдардан бери бири-бири үчүн маанилүү соода өнөктөшү бойдон каларын белгилеп, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 2030-жылга чейин 500 миллион долларга жеткирүү максаты коюлганын эске салышты.

Кыргыз тарап текстиль продукцияларын, көмүрдү, айнек жана пластмасса буюмдарын, ошондой эле айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Мындан тышкары, эки мамлекеттин ортосунда соода үйлөрүн ачуу демилгеси дагы талкууланды.

Жолугушууда суу-энергетика тармагындагы кызматташтык, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана бул багыттагы тажрыйба алмашуу маселелери дагы көтөрүлдү.

Жыйынтыгында тараптар мурда жетишилген эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды аныкташты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар