Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Кытай Эл Республикасынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары жана ШКУнун Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин төрайымы Шэнь Юэюэни кабыл алды.
Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, маданий-гуманитардык байланыштарды, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда бекем достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелери калыптанганын белгиледи. Ал акыркы жылдары ишке ашырылып жаткан ири долбоорлорго токтолуп, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушун жана “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышын өзгөчө белгиледи.
Президент ошондой эле “Экспресс саламаттык” долбоорунун алкагында кыргызстандык жарандарга көрсөтүлгөн жардам үчүн кытайлык дарыгерлерге ыраазычылык билдирди. Акыркы үч жыл ичинде кытайлык адистер өлкөдө миңден ашуун бейтапка акысыз операция жасашкан.
Өз кезегинде Шэнь Юэюэ жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай Кыргызстан менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Ал ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди. Анын айтымында, эки өлкө лидерлеринин акыркы жолугушуулары кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түздү.



