Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖээнбек Кулубаев БУУнун Коопсуздук Кеңешинде дүйнөлүк коопсуздук маселелерин көтөрдү

Жээнбек Кулубаев БУУнун Коопсуздук Кеңешинде дүйнөлүк коопсуздук маселелерин көтөрдү

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин ачык дебаттарында Жээнбек Кулубаев сөз сүйлөп, дүйнөдөгү коопсуздукка байланышкан негизги көйгөйлөрдү көтөрдү.

Министр өз сөзүндө азыркы дүйнө куралдуу жаңжалдарга, эл аралык укуктун бузулушуна, гуманитардык кризистерге, терроризмге, климаттын өзгөрүшүнө, ошондой эле азык-түлүк жана энергетикалык туруксуздукка туш болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү коркунучтар менен бир дагы мамлекет жалгыз күрөшө албайт. Ошондуктан эл аралык кызматташтык жана көп тараптуу дипломатия өзгөчө мааниге ээ.

Кулубаев ошондой эле жакырчылык, теңсиздик, климаттык чакырыктар жана ресурстарга жеткиликтүүлүктүн чектелиши туруксуздукту күчөтөрүн айтып, туруктуу өнүгүү тынчтык менен коопсуздуктун негизги шарты экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, чакан мамлекеттердин жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын адилеттүү чагылдырууда Бириккен Улуттар Уюму системасынын ролу маанилүү экенин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар