Башкы беткеКоомБаткенде жаңы “Согмент” чек ара посту пайдаланууга берилди

Баткенде жаңы “Согмент” чек ара посту пайдаланууга берилди

Баткен облусунун Согмент айылында Чарбак тозотуна караштуу “Согмент” чек ара посту расмий түрдө ачылды.

Президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, ачылыш аземи чек арачылардын кесиптик майрамына туш келип, өлкө аймагында бир катар жаңы чек ара объекттерин ишке берүү иш-чаралары менен бирге өткөрүлдү.

Иш-чарага Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев онлайн форматта катышып, жеринде президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү жетекчилер болду.

Расмий өкүлдөр жаңы пост чек арадагы кызмат өтөөнү жакшыртып, коопсуздукту камсыздоодо маанилүү роль ойной турганын белгилешти.

Объект заманбап талаптарга жооп берген казарма жана керектүү инфраструктура менен камсыздалып, чек арачылар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Жаңы посттун кызматкерлери кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 12 чакырымдан ашык бөлүгүн кайтарышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар