Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Москва шаарында өткөн “Борбордук Азия жана Россия” форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусуна катышты.
Жолугушуу Москва шаарында өтүп, анда 2025-жылдын 9-октябрында Душанбе шаарында өткөн экинчи саммитте бекитилген 2025–2027-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планын ишке ашыруу маселелери каралды.
Катышуучулар эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча учурдагы кырдаалды талкуулап, пикир алмашышты.
Адилет Орозбеков жолугушууда формат алкагындагы өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты ырааттуу улантуу зарылдыгын белгилеп, радикализмдин жайылышына каршы күрөшүү, баңгизат коркунучун алдын алуу жана киберкоопсуздукту чыңдоо багыттарына көңүл бурду.
Ошондой эле ал өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана соода-экономикалык байланыштарды жеңилдетүү үчүн транспорттук-логистикалык тоскоолдуктарды азайтуу боюнча сунуштарды айтты.



