“Кыргыз Туусу” менен “Жэньминь жибао” басылмаларынын демилгеси менен Бишкек шаарында “Кыргыз-кытай” медиафоруму өттү. Ага эки өлкөнүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, медиа тармагындагы адистер жана кызматташ уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сатаровна Сарногоева сөз сүйлөп интеграциянын негизги маңызы — маданий биримдик жана адамдык байланыштар экенин баса белгиледи.
Ал дипломатиялык тилдеги татаал түшүнүктөрдү жөнөкөйлөштүрүп, ар бир жаранга түшүнүктүү болгон “достук, кызматташтык жана биргелешип өнүгүү” идеяларын медиа аркылуу кеңири жайылтуу зарылдыгын айтты.
Ошондой эле жетишилген келишимдер жана кол коюлган меморандумдар мындан аркы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө бекем негиз түзөрүнө ишеним билдирди.
Анын айтымында, бул аянтча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, документалдык тасмаларды тартууга, чек ара аралык репортаждарды даярдоого жана узак мөөнөттүү кызматташтык келишимдерин түзүүгө шарт түзгөн маанилүү платформа болуп саналат.



