Бүгүн, 28-майда Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аймак жетекчилеринин V форумунун алкагында бир катар кызматташтык документтерине кол коюлду.
Алардын катарында «Бишкек» ЭЭА менен Беларусиянын «Брест» ЭЭА ортосундагы меморандум, Бишкек шаары менен Кытайдын Чжэнчжоу шаарынын ортосундагы достук мамиле түзүү келишими, ошондой эле «Нарын» ЭЭА менен «Брест» ЭЭА ортосундагы кызматташтык келишими бар.
Мындан тышкары, Каракол шаары менен Брест шаарынын ортосундагы боордоштук мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган 2026–2027-жылдарга жол картасы кабыл алынды.
Документтер аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган.



