Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев “Кумтөр” базасынын модернизациясы менен таанышты

Адылбек Касымалиев “Кумтөр” базасынын модернизациясы менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Балыкчы шаарындагы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын өткөөл базасына барып, модернизация иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, базада жүктөрдү сактоо жана ташуу шарттарын жакшыртуу, техникалык жабдууларды жаңылоо жана логистикалык процесстерди оптималдаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында күйүүчү май сактоочу резервуарлар кеңейтилип, сыйымдуулугу 32 миң куб метрге жеткирилген.

Мындан тышкары, МинКаб төрагасы “Кыргызкөмүр” ишканасынын Балыкчыдагы филиалында болуп, көмүр сактоо жана жеткирүү шарттары менен да таанышты. Кампа 40 миң тоннага чейин көмүр сактоого жана суткасына 150гө чейин жүк ташуучу унааны тейлөөгө жөндөмдүү.

Адылбек Касымалиев тиешелүү жетекчилерге күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүп, отун менен үзгүлтүксүз камсыздоону көзөмөлдөөнү тапшырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар