Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Чолпон-Атада өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумуна катышып, уюм акыркы 25 жылда Евразиядагы эң ири кызматташтык аянтчаларынын бирине айланганын билдирди.
Анын айтымында, акыркы төрт жылда Кыргызстан менен ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2,2 эсеге өскөн. Ошондой эле Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу, Бедел өткөрүү пункту жана Барскоон–Бедел автожолу сыяктуу ири долбоорлор активдүү ишке ашырылып жатканы белгиленди.
Форумдун алкагында Бишкек жана Нарын эркин экономикалык аймактары Беларусь тарап менен, ал эми Бишкек шаары Кытайдын Чжэнчжоу шаары менен кызматташуу боюнча документтерге кол коюшту.
Жыйынга ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жана өнөктөш мамлекеттердин расмий делегациялары катышып, аймактар аралык кызматташтык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.



