Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров ЕАЭБ лидерлери менен бирге Астанадагы санариптик көргөзмөгө барды

Садыр Жапаров ЕАЭБ лидерлери менен бирге Астанадагы санариптик көргөзмөгө барды

Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге Астана шаарында уюштурулган санариптик жетишкендиктердин өлкөлүк көргөзмөсүнө барды.

Иш-чара Евразия экономикалык форумунун алкагында Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборунда өттү.

Көргөзмөдө негизги басым санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүүгө жасалды. Анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, AI технологияларын киргизүү жана санариптик экономиканы өнүктүрүү жаатындагы жетишкендиктери сунушталды.

Кыргызстандын көргөзмө тактасында өлкөнүн фискалдык системасын жакшыртууга багытталган санариптик чечимдер көрсөтүлдү. Анын ичинде салык жана бажы башкаруу процесстерине жасалма интеллект технологияларын киргизүү боюнча долбоорлор тааныштырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар