Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында “Кыргыз Туусу” маалыматтык басма үйүнө маек берип, борбор калаадагы орчундуу көйгөйлөр тууралуу пикирин билдирди.
Маекте шаардагы жол тыгындары, тротуарларга чыгып кеткен курулуштар, мыйзамсыз салынган көп кабаттуу үйлөр, башкы план жана шаар инфраструктурасына байланышкан маселелер көтөрүлдү.
Мэрдин айтымында, учурда Бишкектеги эң негизги көйгөйлөрдүн бири — жол тыгыны. Бул маселени чечүү үчүн келечекте жеке менчик унааларга чектөө киргизүү каралышы мүмкүн.
“Жол жүгүн азайтуунун бир жолу — чектөөлөр. Көп өлкөлөрдө унааларды жуп жана так номер менен айдоо тартиби колдонулат. Бирок биз адегенде жолдорду кеңейтип, жаңы көчөлөрдү ачып, жол түйүндөрүн куруп алышыбыз керек. Андан кийин гана чектөө маселесин көтөрөбүз”, — деди Айбек Жунушалиев.
Ошондой эле ал шаардагы тротуар маселеси көп жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөй экенин белгиледи.
“Айрым көчөлөрдө тротуар жок, кээ бир жерлерде курулуштар жөө адамдар өтүүчү аймакка чейин чыгып кеткен. Бул мурдагы жылдардан бери топтолгон маселе. Азыр аны этап-этабы менен чечүүгө аракет кылып жатабыз”, — деди мэр.
Мындан тышкары, убактылуу ижарага берилген жер тилкелери кийин көп кабаттуу үйлөргө айланып кеткен учурлар көп экенин айтып, мындан ары бардык иштер Бишкектин жаңы башкы планынын негизинде жүргүзүлөрүн билдирди.
“Ар кандай айла-амалдар менен мыйзамдаштырылып кеткен курулуштар бар. Эми башкы пландан четтеген мыйзамсыз объектилер боюнча мыйзам чегинде иш алып барабыз”, — деди шаар башчысы.
Маекте Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөр боюнча дагы суроолор берилди. Мэр бул үйлөр ага чейин эле уруксат алып курулуп калганын айтып, алардын маселеси мыйзамдын жана башкы пландын негизинде караларын кошумчалады.



