29-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек эл аралык каржы форумуна катышып, өлкөдөгү санариптик трансформациянын жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Ал санариптик трансформация мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, Кыргызстанда каржы системасын модернизациялоо жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү иштери жүрүп жатканын айтты.
Анын айтымында, “Түндүк” системасы мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашууну жеңилдетип, “Санариптик сом” долбоору экономиканын ар тармагын камтууга багытталган.
Ошондой эле ал каржы системасында коопсуздукту күчөтүү, алдамчылыкка каршы күрөшүү жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу иштери улантылып жатканын кошумчалады.
Сөзүнүн аягында Касымалиев Кыргызстан санариптик технологиялар жаатында эл аралык кызматташууга ачык экенин белгиледи.



