Башкы бетке∅Бишкекте майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттери коомдук транспортто акысыз жүрөт

Бишкекте майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттери коомдук транспортто акысыз жүрөт

Бишкек шаарында майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттерине муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүү укугу берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынып, демилге өзгөчө муктаждыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.

Жаңы тартипке ылайык, акысыз жүрүү укугу Бишкек шаарында туруктуу каттоосу бар, 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарды коштогон жеке ассистенттерге берилет.

Бул чара балдардын билим берүү, медициналык, спорттук жана чыгармачылык мекемелерге жетүүсүн жеңилдетип, алардын шаар ичинде эркин жүрүүсүнө шарт түзөт. Ошондой эле демилге үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн азайтууга багытталган.

Жеңилдетилген транспорттук картаны тариздөө үчүн жарандар тиешелүү райондордун даректерине кайрыла алышат:
— Ленин жана Биринчи май райондору: Токтогул көчөсү, 245
— Свердлов району: Чүй проспектиси, 28
— Октябрь району: Байтик Баатыр көчөсү, 17

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар