Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында журналисттер менен бирге жөө басып, Стандартташтыруу жана метрология борборунун («Кыргызстандарт») иши менен жеринде таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министр мекеменин негизги багыттары, иш процесси жана учурда аткарылып жаткан долбоорлор тууралуу кеңири маалымат алды.
Ошондой эле журналисттерге тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын текшерүүчү лабораториянын иши көрсөтүлдү. Бул жерде продукциялардын сапаты изилденип, алардын мамлекеттик стандарттарга шайкештиги аныкталат.
Белгилей кетсек, «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоору мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыздоого багытталган. Ал журналисттерге жетекчилердин жана мекемелердин иш процессин реалдуу убакыт режиминде көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.



