Башкы беткеЭкономикаКыргызстан ШКУ өнүктүрүү банкын түзүүнү колдойт

Кыргызстан ШКУ өнүктүрүү банкын түзүүнү колдойт

Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин финансы министрлери жана Борбордук (улуттук) банктардын төрагаларынын жолугушуусунун алкагында ШКУ өнүктүрүү банкын түзүү маселеси талкууланууда.

Кыргызстандын финансы министринин орун басары Нурбек Акжоловдун айтымында, Кыргызстан ШКУ өнүктүрүү банкын толук кандуу көп тараптуу финансылык институт катары түзүү демилгесин колдойт.

Анын белгилешинче, 2026-жылдын 28-майында Бишкекте өткөн үчүнчү жолугушууда мүчө мамлекеттер банктын түзүмү, мандаты жана капиталдык базасы боюнча позицияларын акырындык менен жакындатууда.

“Биз 2026-жылдын августунда өтө турган саммитте мамлекет башчылары ШКУ өнүктүрүү банкын түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коёт деп үмүттөнөбүз. Бул уюмдун юбилейлик жылындагы маанилүү жыйынтык болмок”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстан бул демилгени активдүү көтөрүп, банктын баш кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштыруу сунушун берген.

Маалыматка ылайык, ШКУ өнүктүрүү банкы мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, инвестициялык долбоорлорду каржылоого жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар