Бүгүн, 29-май күнү саат 14:15те Кыргызстандын аймагында магнитудасы 4,6 болгон жер титирөө катталды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер титирөөнүн очогу Казарман айылынан болжол менен 27 чакырым аралыкта жайгашкан.
Сейсмикалык толкундар Ош шаарында да сезилди.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат азырынча түшкөн жок.



