Башкы беткеКоомКыргызстандагы бардык мектептерде акыркы коңгуроо жаңырды

Кыргызстандагы бардык мектептерде акыркы коңгуроо жаңырды

29-майда өлкө боюнча бардык мектептерде акыркы коңгуроо аземи өттү. 2025–2026-окуу жылында 80 миңден ашуун окуучу 11-классты аяктаса, 135 миңден ашык бүтүрүүчү 9-классты бүтүрдү.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкектеги А.Молдокулов атындагы инновациялык технологиялар улуттук мектеп-лицейиндеги салтанатка катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

“Акыркы коңгуроо — бул жаңы турмушка карай чоң кадам. Мектептен алган билимиңер келечекте бекем пайдубал болсун”, — деди министр.

Салтанат концерттик программа, “Классташым” ыры жана бүтүрүүчүлөрдүн коштошуу вальсы менен коштолду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар