Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров “Бишкек Арена” стадионунун курулушун көрдү

Садыр Жапаров “Бишкек Арена” стадионунун курулушун көрдү

Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда, курулуп жаткан Бишкек Арена көп функционалдуу спорт комплексине пландан тышкары барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, стадиондун курулушу бекитилген графикке ылайык уланууда. Учурда объектте курулуш-монтаждоо жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, инженердик системалар орнотулуп, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери аткарылууда.

Мамлекет башчысы стадиондун ички бөлүктөрүн кыдырып чыгып, унаа токтотуучу жайдын жана коммерциялык багыттагы объектилердин курулушунун жүрүшүн көрдү.

Кыдыруунун жүрүшүндө Президент “Бишкек Арена” өлкөнүн спорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, объект келечекте эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.

Ошондой эле ал курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, долбоорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Президент комплекс пайдаланууга берилгенден кийин анын туруктуу жана натыйжалуу иштешин камсыздоо үчүн кошумча инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул максатта стадиондун аймагында соода жана тейлөө объектилерин жайгаштыруу сунушталып, алардын ишмердүүлүгү комплексти тейлөөгө жана андан ары өнүктүрүүгө жардам берери айтылды.

Белгилей кетсек, 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган “Бишкек Арена” Кыргызстандагы эң ири футболдук стадион болуп калат. Объект FIFA жана AFC талаптарына ылайык курулуп жаткандыктан, өлкөдө эл аралык деңгээлдеги футболдук беттештерди жана ири спорттук мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар