Башкы беткеДүйнөЕАЭБ лидерлери Армениянын келечектеги багытын тандоону сунушташты

ЕАЭБ лидерлери Армениянын келечектеги багытын тандоону сунушташты

Астанада өткөн Евразиялык экономикалык биримдиктин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери Армениянын Евробиримдикке кошулуу ниетине байланыштуу биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Документте Армениянын Евробиримдикке интеграциялануу аракеттери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык коопсуздугу үчүн белгилүү тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн экени белгиленген.

Буга байланыштуу Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын лидерлери Арменияда мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жалпы элдик референдум өткөрүп, өлкөнүн Евробиримдикке кошулуу же ЕАЭБ курамында калуу маселеси боюнча жарандардын пикирин аныктоону сунушташты.

Ошондой эле билдирүүдө декабрь айында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кийинки жыйынында Арменияга карата ЕАЭБ жөнүндө келишимдин колдонулушун токтотуунун мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу маалымат берилери айтылган.

Жыйынга Армениянын атынан вице-премьер Мгер Григорян катышты. Ал өз сөзүндө Армения ЕАЭБдин ишине мындан ары дагы жоопкерчиликтүү катышууга даяр экенин билдирип, кызматташтык өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана бардык мүчө мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделиши керектигин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар